• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Япониянын премьер-министри жер титирөө коркунучунан улам Борбор Азияга сапарын токтотту

10 Баш оона 202417:42 Бишкек Govori.TV

Япониянын бийлиги Нанкай жаракасында күтүлүп жаткан өтө катуу жер титирөөгө даярданууда, деп жазды «Интерфакс».


Япониянын метеорологиялык агенттиги тарыхта биринчи жолу «мега жер титирөө» эскертүүсүн жарыялады.

Агенттиктин кызматкерлери 29 префектурадагы 707 муниципалитетти жер титирөөгө болгон даярдыгын текшерүүгө чакырды. Сейсмологдор жер титирөө так качан болору азырынча белгисиз экенин айтып, тургундарды сак болууга чакырды.

8-августта Япониянын Кюсю аралынын чыгыш жээгине жакын жерде күчү 7,1 баллга жеткен
жер титирөө болуп, 16 адам жабыркаган.


Күтүлүп жаткан жер титирөөгө байланыштуу Япониянын премьер-министри Фумио Кисида 9-
12-августта Казакстан, Өзбекстан жана Моңголияга пландалган сапарын токтотту.


Мега жер титирөө Рихтер шкаласы боюнча 9,0 баллдан жогорку күчтү көрсөтүүдө.

Количество просмотров: 527