• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Ысык-Көлдө номурлары өчүрүлгөн мылтык менен мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды

16 Үчтүн айы 201819:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.18.Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда номурлары өчүрүлгөн мылтык менен мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Тоң, Ысык-Көл региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору рейд учурунда, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында Кемин районунун тургуну Э.М аттуу жаран 16 калибрдүү мылтык менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн.

Фото Чынгыза Абдымалик Уулу.

Териштирүүдө мылтыктын номуру сүртүлүп, мыйзамсыз колдонулганы аныкталды. Жеринде мылтык тартылып алынып, өз билемдик менен мергенчилик кылган жаранга административдик айып салынды. Ошондой эле тийиштүү материалдар чогултулуп, чара көрүү үчүн Тоң райоундук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

Фото Чынгыза Абдымалик Уулу.

Количество просмотров: 19