• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ысыккөл Жириновскийдин түшүнө кетелек

20 Үчтүн айы 2018 14:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.01. 2018.  Govori.Tv

“Кыргызстандын Россияга болгон карыздарын кечүүнүн ордуна алар Ысык-Көлдү бизге 99 жылга ижара бериши керек. Ушундай жол менен алардын карызын эсептешкенибиз жакшы.” Бул кыргыз элинин кулагына тааныш сөздү Орусиянын  Мамлекеттик думасынын депутаты Владимир Жириновский кечээ, 19-январда дагы кайталады.

Орусиялык сайттар жазып чыккандай, мамдума кечээ Орусиянын Президенти Владимир Путин биздин президенти былтыр кабыл алганда сүйүнчүлөгөн 240 млн. доллар карызыбызды кечүү боюнча документти ратификация кылып жаткан болчу.

Анда кирген буурадай булкунган депутат Кыргызстанга дегеле карыз каражат берилбеси керектигин, дегеле эч кимге Орусия карыз алардын ордуна Россия гүлдөп-өсүшү зарылдыгын, ошондо алар  анын мекенине-бактылуу жана бай мамлекетке жашаганга өздөрү качып келишээрин айтып, “Орусиянын көп жерлери жакырчылыкта жашап жатса биз башкалардын карыздарын кечип жатабыз.  Кыргыздар Ысык-Көл деген көлүн Орсияга берсин, биздин пенсионерлер, майыптар менен студенттер эс алууга бекер жөнөтөбүз,” – деген Владимир Жириновский.

Эске сала кетсек, ал мындай сунушту тээ 2013-жылдан бери жыл сайын кайталап келе жатат. Сыягы, көл анын ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпей калса керек…

Төмөндө анын алгачкы сунушунун тасмасы:

Количество просмотров: 23