Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.
Ал эми чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Кривоносов көчөсү, 42 дарегиндеги дүкөндүн ээси Абасбек у.А.га 3 миң сом айып салынды.
Ушул эле берененин негизинде Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан «Казань Шаверма» фастфуд пунктуна айып салынган. Тез тамактануучу жайдын кызматкерлери Аламүдүн дарыясынын жээгине таштанды ыргытышкан.
Мындан тышкары, инспекторлор тарабынан күн сайын уруксат берилбеген жеңил курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада Токтоналиев жана Т. Молдо көчөлөрүндөгү эки дүкөн демонтаждалды.