• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ыктыярчы медайым каза болгон бейтаптын акыркы сөзүн айтып ыйлады (видео)

17 Теке 2020 12:23 Бишкек Govori.TV

Бейтаптын өмүрүн сактап кала албай калгандыгы үчүн ыйлап жаткан ыктыярчы медайымдын видеосу тарады.

Видео материалдан ыктыярчы кыз көз алдында каза болгон бейтапка дем жетпей, ал эми ооруканалар орун жоктугуна байланыштуу кабыл албай койгондугун айтып жатканын көрүүгө болот.

«Мен жети мүнөт гана жетишпей калдым.  Бейтап мага азыр өлөрүн айтып, кызын аябай жакшы көрө тургандыгын жеткирип коюуну өтүндү. Эл өкүлдөрүнөн бирөө реанимация ачсынчы, мен ошого добушумду берем. Бизде болгону орун жетишсиз болуп жатат», — деп ыйлады ыктыярчы кыз.

Количество просмотров: 6982