• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ыкыбал Моңолбаева: Негизи лидер айым болууну көздөгөм, ошол жолдо баратам

18 Жалган куран 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Ыкыбал Моңолбаева.

Ыкыбал Моңолбаева бүгүнкү күндүн талабына жооп берген англис тили багытындагы мектеп ачкысы келет.

«Өзүм мектепте чет тилден мугалиммин. Ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышкан айымдардын катарына кошулгум келет. Эң башкы масатым бүгүнкү күндүн талабына жооп берген, заманбап технологиялары бар англис тили багытындагы мектеп ачып, окуучуларды чет өлкөгө жөнөтсөм дейм. Негизи лидер айым болууну көздөгөм, ошол жолдо баратам»,-деди Моңолбаева.

Количество просмотров: 97