• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Үйлөнүү тойдогу мушташ

4 Бештин айы 20179:22 Бишкек Govori.TV

 

Жалал-Абад шаарындагы тойдун катышуучуларынын мушташында катуу сокку жеген 24 жаштагы фотограф ооруканага түштү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 5 бала камака алынды.

Окуя Жалал-Абад шаарынын кире беришинде жайгашкан Курманбек Баатырдын айкелинин жанында болгон. Үлпөт тоюнда жүргөн  Кара-Дарыя айылынан  жаштары сүрөткө түшүү үчүн айкелге келишкен. Ушундай эле максатта келген Ырыс айылынын жаштары менен айтыша кетишип, аягы мушташка айланган.

Учурда “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду деп билдирди Жалал-Абад ИИБнин басма-сөз кызматы.

Бул Жалал-Абад шаарында болгон биринчи окуя эмес. Күз айларында дагы үлпөт тоюнда массалык мушташ болуп, тойдун катышуучулары милициянын кызматтык машинесинин күзгүлөрүн талкалап салышкан. Абага ок чыгарылганда гана мас абалдагы адамдар тынчышкан. Анда дагы 18 адам кармалып, он үчөө беш суткага камака алынса, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен бешөө 2 айга тергөө абагына камалган.

Количество просмотров: 51