• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ыманалы Айдарбековдун небереси министр болот

16 Тогуздун айы 2018 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.

Тышкы иштер министрлигине сунушталып жаткан Чыңгыз  Айдарбеков белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ыманалы Айдарбековдун небереси экени белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат булактар жазып чыкты.
Чыңгыз Айдарбеков 2016-жылдын 18-апрелинен бери Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп келген. Буга чейин ал ТИМде, Президенттин аппарында жана Жогорку Кеңеште эмгектенген. Анын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ыманалы Айдарбековдун кызынын баласы экени айтылууда.
Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин комитетине Чыңгыз Айдарбековду министр катары сунуштады.
Эске салсак, мурдагы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу, аталган кызмат орун бош турган.
Количество просмотров: 34