• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ымыркайдын өмүрүн сактап калууга жардам керек!

26 Жетинин айы 2019 10:52 Бишкек Govori.TV

«Аллах жолуна жок дегенде бөлүшүп койгула.

Саламатсыздарбы! Сөзүмдү эмнеден баштаарымды да билбей турамын. Мен Бейшенова Назира Мурзакановна, 46 жаштамын. Өзүм турмушка чыккандан бери бала жытын жыттаган эмесмин. Төрөбөстүктүн айынан 3- турмуш курдум, үчүнчүсүндө Аллах мени аяды окшойт бир кыздуу болдук. Боюмда болуусу үчүн көп даарылангангабы же бул да Аллахтын сыноосубу кызыбыз оорукчан болуп төрөлүп калды. Диагнозу: «АСЦИТ ПЕЧЕНИ И МОЧЕВЫВОДЯЩИХ ПУТЕЙ» чыгып калды. Тез арада операция жасатыш керек экен. Операциясына чоң сумма керек болуп жаткандыктан кайрымдуу инсандарга кайрылууга аргасызбыз. Жолдошум маршрут айдап эл ташып иштейт, мен тигүүчү болуп иштейт элем кызымды төрөгөндөн кийин иштей элекмин. Өзүбүз квартирада турабыз. Жолдошумдун тапканы тамак-аштан, квартирадан ашпайт. Көптөн күтүп тапкан кызымдын айыгып кетүүсүнө салымыңыздарды кошууңуздарды суранат элем.
Байланыш телефонум: 0505 22 07 73
Элсом: 0505 22 07 73
Банктык карта: 4890 4946 9294 8292 , сом, рубль, доллар, евро».

Количество просмотров: 499