• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

“Ынтымак 2” сейил багында жаңы скейтпарк пайда болот

22 Жалган куран 202215:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы “Ынтымак 2” сейил багындагы курулуш иштерине тынчсызданбоону өтүнөт, ал жакта социалдык тармактарда айтылып жаткандай үй эмес, шаардыктар үчүн скейт-парк курулуп жатат.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Ынтымак” паркынын аймагындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берген.

“1 гектарга жакын жер тилкеси “Ю-Ти-Ай Глобал” ЖЧКсынын жеке менчигинде болгон. Эми инвесторлордун колдоосу менен бул жерде скейт жана паркур сүйүүчүлөрү үчүн атайын аймактар пайда болот. Мындай парк Борбор Азияда биринчи жолу курулат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 152