Бүгүнтөн тартып “Ынтымак ордого” жарандардын экскурсиясы башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, жарандар иш күндөрү 9-00дөн 17-00гө чейин өздүгүн тастыктоочу документ менен келип “Ынтымак ордону” көрүп кетсе болот.
«Бир учурда 20 мейман кирет. Алар атайын журналга катталып, кайра экинчи жолу кире албастыгын эскертебиз. Бул чара имаратты көрүүнү каалоочулардын көптүгү менен шартталган. 20 адам экскурсиядан чыккан соң кезектеги кийинки 20 адам киришет. Аларды коштоп, залдарды көрсөткөн кызматкер болот. Экскурсия дүйшөмбүдөн ишембиге чейин.
Ошондой эле, сиздер барган учурда башка адамдар дагы келип, кезек күтүп турууга туура келиши мүмкүн. Буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз», — деп жазды Алагөзов.
Белгилей кетсек, 30-августта Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөн.