• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Ырчы Наргиз Закированын өкүлү ал Москва аэропортунда кармалганын четке какты

26 Бугу 20229:39 Бишкек Govori.TV

Ташкенттен учуп барган өзбекстандык ырчы Наргиз Закирова Москвадагы «Домодедово» аэропортунда кармалганын анын өкүлү Сергей Савин четке какты. Бул тууралуу Teleprogramma.pro сайты кабарлады.

«Бул жалган. Ал Өзбекстанда, баары жайында», – деп билдирген Савин.

Буга чейин айрым басылмалар ырчы Наргиз Закирова Москва аэропортунда кармалганын, ал Өзбекстанга депортацияланышы мүмкүн экенин кабарлашкан.

Өзбекстандагы белгилүү ырчы Батыр Закировдун жээни Наргиз Закирова Ташкентте туулуп-өсүп, 1995-жылы АКШга көчүп кеткен. Ырчы көпчүлүккө 2014-жылы Орусиянын «Биринчи каналындагы» «Голос» вокалдык сынагында жеңишке жеткенден кийин таанылган. Закирова Украинадагы абалга байланыштуу Орусиядан кетип, үй-бүлөсү менен Өзбекстанга кайтып келген.

Количество просмотров: 155