Ырчы Зереге коркутуулар болуп жатканына байланыштуу, анын атасы Асылбек Жооданбеков укук коргоо органдарына кайрылганын айтты.
Анын билдиришинче, кызына карата коркутуу иретинде жиберилген билдирүүлөрдү милиция кызматкерлери текшерет.
Эске салсак, жакында эле Зере Асылбек “Кыз” аттуу ырына тартылган клипти жарыялаган. Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратты.
18-сентябрда белгисиз бирөөлөр Зеренин дарегине жеке кат жөнөтүшүп, клибин өчүрүүнү айтышкан. Ал жеке баракчасына жазылган каттарды өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.