• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Ыргал Кадыралиева Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышат

2 Баш оона 2023 14:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 15ке жетти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр: Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев, Нургүл Сооронбаева, Мурат Эсенаманов, Ыргал Кадыралиева.

Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Количество просмотров: 50