• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ыргал Кадыралиева кайрадан «Ак-Бата» партиясынын тизмесине кошулду

14 Чын куран 2021 15:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Ак-Бата” саясий партиясынын тизмесинен четтеткен Ыргал Кадыралиева сот тарабынан кайрадан партиянын тизмесине кошулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында Кадыралиеванын арызын Жогорку сот бүгүн,14-апрелде караган.

«Кадыралиева буга чейинки аймактык шайлоо комиссиясынын, БШКнын, райондук соттун чечимине макул болбой Жогорку сотко кайрылган. Ал эми бүгүнкү отурумда сот буга чейинки чечимдердин баарын жокко чыгарды. Демек, Кадыралиева партиядагы ордуна карадан калыбына келтирилет», — деди жактоочу.

Буга чейин Кадыралиева Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы КСДП партиясынан депутат болгон. Шайлоого катышуудан четтетүүгө ММКларга жайылып кеткен видео себеп болду. Анда “Ак-Бата” жаңы конушунда “Ак-Бата” саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлер Нариман Түлеев жана Ыргал Кадыралиеванын катышуусу менен футбол боюнча турнир өтүп жатканын көрүүгө болот.

Спорттук иш чара учурунда акысыз тамак таратылган.

“Бишкек аймактык комиссиянын чечими менен депутат Кадыралиеванын каттоосу жокко чыгарылып, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар үчүн партияга кат жүзүндө эскертүу берилди”, – деп Аймактык комиссия билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча үгүт иштери жүрүп жаткан учурда спорттук иш чараларды жана кайрымдуулук турнирлерин өткөрүүгө тыюу салынат.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоо 11-апрелде өтүп, «Ак-Бата» партиясы 12 пайыздан көбүрөөк добуш алган.

Количество просмотров: 383