• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ыргал Кадыралиева: Бул нерсе мени КСДПнын мүчөсү катары тынчсыздандырат

5 Чын куран 2019 16:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.04.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съездине катышты. Курултай тууралуу Кадыралиева өзүнүн пикирин “Govori.TV” агенттигине айтып берди.

“Мени КСДПнын 10 жылдык мүчөсү катары бул нерсе тынчсыздандырат. Себеби, эл арасындагы КСДПдагы мүчөлөрдүн ортосундагы келишимди же пикир келишпестиктерди жаратышы мүмкүн”, — дейт Кадыралиева.

Мындан сырткары съездге конок катары келгенин билдирип, анын туура багытта өткөнүн кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, 3-апрелде “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съезди өткөн.

Количество просмотров: 40