• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ыргал Кадыралиева: Сот тактыгы жок чечим чыгарды

15 Теке 201911:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеваны аны менен соттошуп келген депутат Сагындык Келдибаевге 50 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирди.

Сот чечиминде белгиленгендей, 2018-жылы Кадыралиева Бишкектеги басма сөз жыйынында Келдибаевдин кош жарандыгы бар экенин, паспортту алдоо жолу менен алганын айткан.

Келдибаев Кадыралиеваны «жалган маалымат таратты, кадыр-баркыма шек келтирди» деп айыптап, сотко кайрылган. Ал Кадыралиевадан жети миллион сом талап кылган.

Бирок Ыргал Кадыралиева сот тактыгы жок чечим кабыл алдыгын Govori.TV агенттигине берген маегинде билдирди.

Количество просмотров: 26