Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда 2 окуучу асынып каза болду. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-март күнү болгон. Окуучулардын бири Тельман айылынын тургуну болсо, экинчиси Рот-Фронт айылынын жашоочусу.
«Окуучулардын бирөө күндүз, экинчиси кечке маал өзүнүн жанын кыйган. Азыркы тапта алардын мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгону иликтенип жатат», — деп билдирет Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.