Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан Ысык-Ата районундагы мектептерге алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн төрт кичи автобус бөлүнүп берилди.
Маалыматта айтылгандай, автобустардын экөө райондун тоолуу аймагы болгон Ысык-Ата айыл өкмөтүнө, ал эми бирөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнө жана дагы бири Жээк айыл өкмөтүнө берилип, окуучуларды мектепке ташый баштады.