• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Атада балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды

20 Баш оона 202514:46 Бишкек Govori.TV

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Атада балыктардын жапырт өлүмүнүн себеби аныкталганын маалымдады.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, 13-августта Ысык-Ата районунун Киров айылындагы «Новое озеро» балык чарба көлмөсүндө балыктар жапырт өлгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Санитардык-бактериологиялык текшерүүнүн жыйынтыгыгында аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды. Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:

  • кычкылтек жетишсиздиги: бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет;
  • метаболизмдин бузулушу: аммиактын жогору деңгээли жаныбарларга жана ички органдарга терс таасир берет;
  • экологиялык тең салмактын бузулушу: суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат;
  • балыктардын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.

Мындай жыйынтык суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербей турганын айгинелейт. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат.

Количество просмотров: 202