• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айзиректин өлүмү. Дагы бир блоггер кармалды

14 Кулжа 202510:40 Бишкек Govori.TV

Блогер Бауржан Абдумаликовго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «расалык, этникалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


Блогердин кармалышы, буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйөөсү тарабынан өлтүрүлүлгөн Айзирек Эралиева башка менен жүрүп кетсе керек деп айтканы себеп болгон.

Кылмыш иши өткөрүлгөн экспертизанын негизинде козголгон.

Эскерте кетсек, Бауржан Абдумаликов кыргыз-казак чек арасында кармалган.

Айзирек Эралиеванын адвокаты Шердор Абдыкапаровдун жана демилгечи топтун арызы боюнча Бишкекте дагы бир блогер Айбек Улановго кылмыш иши козголуп, ал Айзирек Эралиеваны кемсинткен билдирүүлөрдү тараткан. Ал алгач кармалып, андан кийин тергөө учурунда камакка алынган.

Блогерди жоопко тартуу боюнча петицияга 14 миңден ашуун адам кол койду.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 38 жаштагы тургуну Айзирек Эралиеваны жубайы өлтүргөн деп шектелүүдө. Маркумдун жакындарынын айтымында, 26-майда аял жолдошу менен мектептеги салтанатка катышып, бүтүрүүнүн 20 жылдыгын белгилешти. Ал аялын сабап, андан кийин атып салган деп айтылууда.

Количество просмотров: 317