• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ысык-Атада куураган камыштар өрттөнүп жатат

19 Жалган куран 202515:44 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштан өрт чыгып, ири өрт кырсыгы тутанды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жерине Токмок шаардык №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Чүй райондук №24 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Ысык-Ата райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды.

Ошондой эле жерине өрт өчүрүү иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган жана кошумча өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 19 куткаручу жана Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпы 28 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 117