Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрт чыгып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түзөт.
«Анын кесепетинен 1 аял киши, 1 кыз, 2 бала каза болду»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн.
Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.