• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көл айланма жолунун оңдоо иштери кайсы этапта? (видео)

3 Аяк оона 20249:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл айланма жолунун (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо иштери уланып жатат. Азыркы тапта подрядчы тарабынан (China Road and Bridge Corporation) жер жумуштары аткарылууда.

Транспорт минстрлигинин маалыматы боюнча, курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган.

Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат. Мындан тышкары, долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган.

Количество просмотров: 259