• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

 «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула турган Ак үйдүн эскиздери жарыяланды

22 Бирдин айы 2022 18:03 Бишкек Govori.TV

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула турган административдик борбордун эскиздерин жарыялады.

Маалыматка ылайык, архитекторлор тарабынан иштелип чыккан 5 вариант сунушталган. Эскизин даярдоого министрлер кабинети ачык конкурс жарыялаган. 21-февралда калыстар тобунун жыйыны өтүп, 26 долбоор каралган. Натыйжада үч эмгек кыска тизмеге киргизилип, авторлорго 500 миң сомдон берилген. 8888 шифри коюлган долбоор (калыстардын 25 упайын алган).

Башкы архитектура учурда мамлекеттик органдардын мекемеси Бишкектин чок ортосунда жайгашкандыктан транспорт жана тургундар үчүн ыңгайсыздык жаралып жатканын белгилеген.

Количество просмотров: 2831