• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ысык-Көл облусуна кирүү шарттары өзгөрдү

5 Баш оона 2020 21:19 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 5-августта Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик постторду алуу боюнча чечимди облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынганын Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек.

“Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. Учурда алар өз ордуларында иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар”, — деп белгиледи облус башчы.

Количество просмотров: 5134