• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көл районунун акими кызматтан кетти

10 Баш оона 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазды.

«Мен бүгүн өз каалом менен Ысык-Көл администрациясынын башчысы кызматынан кетүүнү чечтим. Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым. Башка өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды да каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду. Тилекке каршы, районубузда да жоготуулар болду. Бирок ошого карабай медиктердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик», -деп жазды Иманалиев. 

Урматтуу мекендештер! Ардактуу Ысык-Көл районунун тургундары!Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун…

Опубликовано Иманалиевом Даниром Воскресенье, 9 августа 2020 г.

Белгилей кетсек, Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун акими болуп 2016-жылдын 19-августунда дайындалган.

Количество просмотров: 252