• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көл: Сүзүп бараткан кемеде өрт чыкты

23 Теке 202218:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл районундагы Комсомол айылына жакын жерде «Альботрос» моторлуу кемесинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө Ысык-Көл райондук №35 ӨКБдан 3 өрт өчүрүүчүдөн турган, 1 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Бөлүм жеткенге чейин өз алдынча өрттү өчүрүп калышкан.

Алдын ала маалымат боюнча жабыргандар жок. Кемедеги жүргүнчүлөр жергиликтүү пансионаттын кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Количество просмотров: 2066