• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Көлдө 2022-жылдын 10 айында жол кырсыгынан 11 бала каза тапкан

24 Жетинин айы 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында 2022-жылдын 10 айында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 90 жол кырсыгы катталып, анын кеспетинен 11 бала каза табып, 132 бала жаракат алган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор кесепеттерди алып келген жол кырсыктар жана анын ичинен өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында Ысык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкерлери 2022-2023-окуу жылынын 2-чейрегинин башталышы менен облустун аймагында “Коопсуз жол жана балдар биздин келечек” аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Иш-чаранын алгакында милиция кызматкерлери балдарга жол эрежелерин үйрөтүп, жөө жүргүнчүлөр өзүлөрүн жолдо кандай туура алып жүрүүсү керектиги жана жол коопсуздугу жөнүндө толук маалымат менен бөлүшүүдө.

Аталган иш-чара жылдын аягына чейин созулмакчы.

Количество просмотров: 120