• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 3 адам карантинге алынды

18 Жалган куран 202013:53 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда изолятордо 3 адам жатат. Алардын бирөө Сауд Арабиясынан, экөө Германиядан келген. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, үй карантининде 12 киши жатат.

«Германиядан келген эки жаран изоляторго жаткысы келбегендиктен аларды мажбурлап жаткырууга туура келди», — деди ал.

Ал, алардын анализдери лабораторияга жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Количество просмотров: 3918