• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ысык-Көлдө 3 метрлик тарыхый эстелик табылды

17 Тогуздун айы 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Ак-Булуң айылынын тургуну Эркин Турбаев айдоо жерден тарыхый эстелик тапты. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, үч метрлик эстелик 15-октябрь кечке маал жер айдатып жатканда табылган.

“Кечке маал айыл-чарба техникасынын сокосу ташка тийип сынды. Айдоочу “ташты албасак, шайман кайра сынат” деп айтты. Казып чыгаруу аракетин көрсөк, узундугу 2 метрден ашуун балбал таш чыкты. Канча жылдан бери айдап жүргөн жер. Мен жаңы иштетүү аракетин көрүп жатканда, айылга да чоң табылга болду. Мен муну жакшылыкка жооруп койдум”, — деген Эркин Турбаев “Турмуш” басылмасына.

Теги:
Количество просмотров: 750