• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 3 тонна көмүр күйүп кетти

15 Тогуздун айы 202110:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда 3 тонна көмүр күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү саат 18:40 чамасында Корумду айылынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн кампасы күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Жерине Ысык-Көл районунун №35 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бригада тартылып, саат 20:08де чектөөгө алынып, саат 20:44тө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 125 чарчы метр кампа, 5 куб метр тактай жана 3 тонна көмүр күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.

Количество просмотров: 187