• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

27 Бугу 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 26-май күнү саат 21:50дө катталган.

«Жер титирөөнүн радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган. Алсак, Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 балл, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 446