• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

19 Бештин айы 202411:23 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда кечки саат 20:46да Кыргызстанда очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 163