• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалды

16 Аяк оона 202416:09 Бишкек Govori.TV

9-сентябрда Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын 1979-жылы туулган тургуну О.М кайрылган. Арыз ээси Барскоон айылынын Көк-Сай тилкесинде анын 9 жаштагы кызын эки адам сабап, зордуктап кетишкенин айткан.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, аталган факты Жети-Өгүз РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар Барскоон айылынын 2005-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган О.А. болуп чыккан. Учурда бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ал эми Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды», — деп жазылат маалымтта.

Тергөө иштери жүрүп жатат

Количество просмотров: 280