Бүгүн, 5-августта, облусттук ыкчам штабынын отурумунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, уруксат берүү менен бирге айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине жоопкерчилик жүктөлөт.
“Райондор жана региондор аралык жүргунчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Бирок бет кап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт”, — деп баса белгиледи өкүл.