• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды

17 Жалган куран 2021 9:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына арыз менен 35 жаштагы У.У. кайрылып, Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган арыз Ысык-Көл райондук прокуратурасынын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык жосуну) белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Толук жана ар тараптуу тергөө иштерин жүргүзүү жана кылмыш бетин ачуу максатында, аталган кылмышка тиешестиги бар адамдарды аныктоо үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнө тергөө тапшырмасы берилет.

16-март күнү аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, райондук прокуратуранын кызматкерлери жана Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен бирдикте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Шектүү адам, Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу, Бостери айылынын А.Э. болуп чыгып, ага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде көрсөтүлгөн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилди.

Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Количество просмотров: 125