• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Ысык-Көлдө дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда 

14 Баш оона 202419:08 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарындагы дүйнөнүн 10 мамлекетинен келген суучулдар тажрыйбасын огорулатууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, суучулдар Казакстан, Россия, Сауд Арабия падышачылыгы, Малазия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания жана Ливан мамлекеттеринен келишкен.

Окуу-тренингдин жүрүшүндө ӨКМдин окутуучу-суучулдары тарабынан бийик тоолуу аймактагы сууда 30 метр тереңдикке чейин түшүү, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикалык жана теориялык сабактар өтүлүүдө.

Белгилей кетсек, жыл сайын Кыргызстанга Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун алкагында башка өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатында келишет. Тренинг 5-16-август аралыгында өтүп, соңунда дүйнө мамлекеттеринде тааныла турган сертификаттар тапшырылат.

Количество просмотров: 78