• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ысык-Көлдө дагы бир жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү  

1 Бирдин айы 2024 11:27 Бишкек Govori.TV

Мурда «Ак-Жол Болсун» ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жер тилкеси мыйзамсыз алынган жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кайтарылган.

Тактап айтканда, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо биринчи инстанция (Ысык-Көл облусунун административдик соту) жана экинчи инстанция (Ысык-Көл облусунун сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы) сметалык баасы 13 млн 760 миң 900 сом мамлекеттин балансында толугу менен кайтарылды.

Количество просмотров: 196