• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар табылды

9 Баш оона 2022 10:17 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кыргызское взморье» эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан.

Ошол замат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2 кызматкери эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды таап, аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен.

Ушундай эле кѳрүнүш «Голубой Ысык-Кѳл» эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, полктун 1-батальонунун 4 кызматкерлери издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришкен.

Количество просмотров: 361