• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 159 үй сел калдыгынан тазаланды

21 Баш оона 202412:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 21-августта саат 12:00гө карата Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

ӨКМ билдиргендей, тазалоого жалпысынан 854 адам жана 58 инженердик техника катышып анын ичинен 383 ӨКМдин куткаруучусу, 11 инженердик техника, 8 мотопомпа ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 471 кызматкер, 32 инженердик техника, 4 ассенизатор, «Чайна-Роуд» ишканасынан 15 инженердик техника 15, айдоочу иштеп жатат.

18-август түнкү саат 21:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел болуп аккан суу Садыр-Аке айыл аймагында жайгашкан бир нече айылды каптаган.

Азыркы учурда Жарандык коргонуу кызматынын жана ӨКМдин адам күчү, техникасы биригип иштеп, жалпы 159 үй толук тазаланып бүттү.

Количество просмотров: 128