• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү ички көчөлөр менен көл жээкке барчу жолдор асфальтталууда

15 Теке 202511:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун айылдарындагы ички көчөлөр жана көл жээкке барчу жолдор асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Алсак, Тамчы айылында 5 ички көчөгө асфальт төшөө иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Тактап айтканда, Акеева, Исабеков, Чынгышбаев жана Жайлоокеев көчөлөрүнө асфальт төшөлдү.

Мындан тышкары, Сары-Ой айылында да асфальт төшөө иштери аяктап, жол каттамы жакшыртылды.

Учурда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автоунаа жолунда жайгашкан Бар-Булак – Жылуу-Суу багытындагы 4 чакырым жолдо жер жумуштары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 104