• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү коллегияда телефонун карап отурган кызматкер залдан чыгарылды

10 Бирдин айы 202314:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда коллегия учурунда телефонун карап отурган кызматкер залдан чыгарылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

8-февраль күнү Ысык-Көл облусунда 2022-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык кеңешме өткөн.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, облустук, райондук мекеме-уюмдарынын башчылары, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышкан.

Кеңешмеде Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмаларын жетиштүү деңгээлде аткарбаган бир нече жетекчилерге эскертүү берүү сунушу берилген.

Количество просмотров: 8676