• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү лагерде эркек бала сексуалдык зомбулукка кабылганы айтылды

16 Баш оона 202118:54 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы жеке менчик лагердеги жашы жете элек эркек бала сексуалдык зомбулукка кабылганын Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын маалыматына таянып, АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, окуя 7-августта Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында жайгашкан жайкы лагерде болгон. Анда 3 эс алуучу 2007-жылы туулган эркек баланы үйгө күч менен алып кирип, сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Ага 17 жаштагы өспүрүмдөр шектелүүдө.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталды.

Теги:
Количество просмотров: 2292