• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

1 Жетинин айы 2022 12:22 Бишкек Govori.TV

 Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, бул маалыматты КР президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда айткан.

Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды.

Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу пайдалануу жана экологияга аяр мамиле кылууну жактаганы менен белгилүү болгон.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.

БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян эмират элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, бул демилгени жогору бааларын белгиледи.

Количество просмотров: 342