• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдөгү обсервацияда дарыгерлер бир керебетте экиден жатышкан сүрөткө түшүндүрмө берилди

8 Теке 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук ооруканасында обсервациядагы дарыгерлер үчүн орун жетиштүү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкенин 24.kg сайты жазды.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, медициналык мекемеде 350 орун даярдалган.

Облустук оорукананын директору Токтобай Маанаевдин айтымында, медициналык кызматкерлер үчүн 50 керебет орун берилген, бул кызыл зонада иштеген дарыгерлерди убактылуу изоляциялоо үчүн жетиштүү.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, нөөмөтүн аяктаган медицина кызматкерлери текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүнө обочолонууга жөнөтүлөт. Кызыл зонада 12 адам бир сменде иштешет, андан кийин үйүнө жиберилет. Азыр оорукананын кызматкерлеринин арасында вирус жуктургандар жок жана орун жетиштүү»,-деп билдирген Токтобай Маанаев.

Ал ортодо керебетте экиден уктап жаткан дарыгерлердин сүрөтү кайдан чыкты? деген суроого бул тамаша болчу деп жооп берген.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы облустук ооруканада обсервациядагы дарыгерлер бир керебетте экиден уктап жаткандагы сүрөттү Алёна Хоменко аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялаган.

«Достор, бул биздин дарыгерлер ушундай шартта Ысык-Көл облустук ооруканасындагы обсервацияда жатышат. Бардык байланышта болгондорду жайгаштыра турганга жер жок. Азыр биз жок дегенде бир нече кишини башка жерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарабыз», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 187