• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Ысык-Көлдө изделип жаткан үч жаш бала табылды

27 Баш оона 202214:01 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында изделип жаткан үч жаш бала табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-агустта «102» кызматынан Жаңы-Арык айылынын кичинекей жашоочулары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аларды издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

«Бүгүн кайрадан издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан балдар аман-эсен табылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 356