Ысык-Көлдө үй карантининин бузгандыгы үчүн 3 адам обсервацияга алынды
Ысык-Көлдө үй карантининин бузгандыгы үчүн 3 адам обсервацияга алынды
27 Бугу 2020 12:45 Бишкек Govori.TV
Ысык-Көл облусунда үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды.
1994-ж.т. Соль-Илецктен келген 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп Түп айылында бир нече жерге барган. Учурда, тагыраагы 26-майда Доц Маякка обсервацияга алынды.
1993-ж.т. Москвадан келген 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн. 26-майда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды.
1995-ж.т. Санкт-Петербургдан келген. 18-майда үй карантинге алынган. Саруу айылынан болот. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген. 26-майда Тамга айылындагы обсервацияга алынды.
Ысык-Көлдө жол жээгиндеги бактар эмнеге кыйылып жатат? Министрлик түшүндүрмө берди
1-апрелден тартып «Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштерин …