• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

12 Бештин айы 202010:39 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 11-декабрь күнү саат 20:20лар чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен.

«Түп районунун Кутургу, Кичи-Өрүктү, Ак-Булуң, айылдарында 3,5 балл, Түп менен Шаты айылдарында 3 балл, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Количество просмотров: 108