• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

20 Жалган куран 20209:44 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн таңкы саат 6.49да катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Саз, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Күл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында 3 балл жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 2021